Ооганстанда 16-сентябрда согушкерлер менен кармашта АКШнын бир аскери жана жети жергиликтүү тургун мүрт кетти. Бул күнкү теракттан өлкөнүн үчтөн бир бөлүгү жарыксыз калды.
Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн командачылыгы америкалык аскер айыгышкан кармаш учурунда окко учканын ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.
Быйыл ошондо жалпысынан Ооганстанда АКШнын 17 аскер кызматкери мерт болду.
Өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Кабулдагы акыркы чабуулду негиз кылып, талибдер менен сүйлөшүүнү токтоткон.