Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Баткен: атышуу болгон аймактын жашоочулары башка жакка көчүрүлгөн жок


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон аймактын тургундары башка жакка көчүрүлгөн жок. Алар өз үйлөрүндө эле калышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова кабарлады. Анын айтымында, аймакта атышуу токтоп, абал турукташкан. Учурда мектеп, ооруканалар элди тейлеп, кадимки тартипте иштеп жатат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, 12 адам жаракат алган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги аймактык ооруканага 13 киши жаткырылганын, алардын үчөөнүн абалы оор экенин билдирүүдө. Экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон да аткылаганын баса белгиледи.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганы айтылды. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жүрөт. Ал 17-сентябрда эртең менен аскердик учак менен барган.

«Азаттыктын» кабарчысы ок атышуу болгон чек ара тилкесине жакын Максат айылында мектеп жабылып, окуу токтотулганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG