Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

«Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы бир тараптуу жабылды


Кулунду айылы. Архивдик сүрөт, 5-июнь, 2018-жыл.
Кулунду айылы. Архивдик сүрөт, 5-июнь, 2018-жыл.

Тажикстан бир тараптуу негизде «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар «Кулунду унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайын тоскоолдугу жок эле өтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде беш өткөрүү жайы жайгашкан.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан «Кулунду унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алды. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаракат алгандардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок чыгарып, миномёттон дагы аткылаганын баса белгиледи.

Кыргызстандын чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганы айтылды. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жүрөт. Ал 17-сентябрда эртең менен аскердик учак менен барган. (BTo)

XS
SM
MD
LG