Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Казакстан: Жамбыл облусунда төрт кишиге күйдүргү жуккан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда амбулатордук текшерүүдөн кийин Жамбыл облусунун төрт тургунуна күйдүргү жукканы аныкталды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жергиликтүү облустук оорукананын дарыгери Гүлфайра Мырзабековага таянып жазып жатышат.

Анын айтымында, Жабыл жана Жаулы районунун төрт тургунуна он күндөй мурда союдган уйдан жуккан болушу мүмкүн. Дарыгерлер оорулар менен карым-катышта болгон 44 адамды да текшерүүдөн өткөргөн.

Өкмөттүн айтымында, Казакстанда күйдүргү дээрлик жыл сайын катталат. Болгону 2013 жана 2017-жылы гана бул илдет эч кимге жуккан эмес.

Казакстандын Жамбыл облусу Кыргызстандын Талас облусу менен чектешет.

XS
SM
MD
LG