Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:21

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды


Баткен.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Министрликтин маалыматына караганда, министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев элчи Сухроб Олимзодага Максат жана Сай чек ара бекеттерине биринчи болуп ок атканы үчүн Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин мыйзамсыз аракетин сындаган нота тапшырды. Ниязалиев бардык маселелер кошуналык алаканын негизинде сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин белгилеген.

ТИМ тараткан маалыматта Кыргызстандын бир чек арачысы окко учуп, жети аскер, жети жергиликтүү тургун жарадар болгону, алардын арасында 12 жаштагы бала бар экени жазылган. Мындан сырткары чек ара бекети жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү зыянга учураган.

«Мындан сырткары тажик элчисине август-сентябрь айларында Тажикстандын жарандарынын, жергилктүү бийликтин жана тийиштүү органдардын мыйзамсыз жана чагымчыл аракеттери боюнча маалыматтар берилди», деп жазылат ТИМдин кабарында.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок атышы алгылыксыз экенин билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы жергиликтүү «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин жазганына таянып, тажик тараптан үч чек арачы каза болгонун жазды. Бирок Тажикстандын расмий органдары бул маалыматты тастыктай элек.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алды. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жаракат алган 11 жаран бүгүн Бишкекке жеткирилди. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (17)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG