Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Трамп Сауд Арабиясындагы заводго Иран кол салган дегенге ыктап турат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна коюлган чабуулдун артында Иран турат дегенге ыктап жатканын, бирок ага толук ынанууга азырынча эрте экенин билдирди.

Кабарчынын «Сиз чабуулдун артында Иран турат деп ойлойсузбу?» - деген суроосуна жооп берип жатып:

«Ооба, бул ушундай көрүнүп жатат. Мен жаңы соугшту каалабайм. Бирок кээде зарыл болот», - деди.

Ал Кошмо Штаттар согушту каалабасын, бирок чабуулга ким жоопкер экени тууралуу акыркы жыйынтыктан кийин, Перс булуңунун аймагындагы негизги өнөктөш мамлекетке жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

Сауд Арабиясындагы эки заводго 14-сентябрда дрондун жардамы менен чабуул коюлган. Ал үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алды. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, «Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деп сынга алган. Ушундай эле билдирүүнү АКШнын Коргоо министри Майк Эспер да жасады.

Иран болсо дрон менен коюлган чабуулдарга тиешеси жок экенин билдирип жатат. 17-сентябрда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү болбой турганын билдирди.

- Мүмкүн болушунча басым көрсөтүү саясаты Иранга каршы иштебейт. Иран Ислам Республикасынын бардык кызмат адамдары АКШ менен эч бир деңгээлде эч кандай сүйлөшүү болбойт деп ишенет, - деди ал.

Өткөн жумада Вашингтондо Дональд Трамп менен Иран президенти Хасан Роуханинин жолугушуусун уюштуруу ыктымал экени талкууланган.

Сауд Арабиясындагы эки заводго коюлган чабуулдан кийин дүйнөлүк базарда мунай кымбаттады. Эр-Рияд кол салуудан кийин мунай өндүрүүнү 5,7 миллион баррелге чейин, башкача айтканда эки эсе азайтууга аргасыз болгон. Буга байланыштуу брент үлгүсүндөгү мунай 19% кымбаттап, бир баррели 71,95 долларга чыкты.

XS
SM
MD
LG