Бүгүн, 17-сентябрда кыргызстандык белгилүү зергер, сүрөтчү Виктор Сырнев 78 жаш курагында ооруканада каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
Сырнев Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында 1942-жылы туулган. Ал Kaktus.media агенттигиндеги маегинде Кыргызстанга 1966-жылы оор атлетика боюнча Кыргыз ССРинин курама командасынын атынан чыгуу жөнүндө сунушту кабыл алып, кийин калып калганын айткан.
Кийин зергерлик менен алектенип жүргөн. Өлкөдөгү үч мамлекет башчынын - Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик төш белгисин жасаган. (КЕ)