Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

«Талибан» сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Иранга барды


«Талибандын» лидерлери.
«Талибандын» лидерлери.

Талибдердин төрт кишиден турган делегациясы Ирандын жогорку кызмат адамдары менен Тегеранда сүйлөшүү жүргүздү. Бул алардын АКШ президенти Дональд Трамптын талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүн жүргүзүү токтотулганын айткандан берки экинчи чет өлкөдөгү сапары.

«Талибан» кыймылынын Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухейл Шахиндин 17-сентябрда «Твиттерге» жазганына караганда, Абдулло Салам Ханафи баштаган адамдар Иранда Тышкы иштер министрлигиндеги жогорку кызмат адамдары менен жолуккан.

«Эки тарап тынчтык жараянын, акыркы окуяларды жана Ооганстан менен Ирандын экономикалык ызматташтыгын талкуулады», деди Шахин.

Буга чейин «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү 13-сентябрда Москвага да барып кетишкен. Алар Орусиянын Ооганстан боюнча өкүлү Замир Кабулов менен кездешкен.

«Талибан» кыймылынын бул сапарлары АКШ президенти Дональд Трамптын талибдер менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун айткан учурга туш келди.

Сүйлөшүүнү токтотууга 2-сентябрда Кабулда 12 кишинин өмүрүн алган жардыруу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG