Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:17

Максат айылынын 150дөн ашуун тургуну коңшу айылдагы мектепке жайгашты


Баткен.

Баткен облусундагы чек арада атышуу болгон аймакка жакын Максат айылынын айрым тургундары жеке коопсуздугу үчүн үйлөрүнөн чыгып кетишкен. Учурда 150дөн ашуун киши кошуна Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски Овчу айылындагы мектепке жайгаштырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кулунду айыл аймагынын атын атабаган өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, тургундар жергиликтүү бийликтин демилгеси менен эмес, өздөрү көчкөн.

Буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү соңку кырдаалга байланыштуу айылдан көчкөндөр жок экенин билдирген.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, эки тараптан 20дан ашык адам жабыркады. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жараат алган 10 жаран бүгүн Бишкекке жеткирилди. (КЕ/JsA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG