Ооганстандын Парван провинциясында президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 30 киши курман болду. Жергиликтүү оорукана билдиргендей, бул чабуулдан отуздан ашуун адам жаракат алды. Президент Гани өзү жарадар болбогонун жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.
Гани провинциянын борбору Чарикарга, 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген. Азырынча бул чабуул үчүн эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок буга чейин «Талибан» кыймылы элди шайлоого катыштырбоо максатында чабуулдарды күчөтүүгө убада берген.
9-сентябрда АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүлөр токтогонун жарыялаган эле.
Сүйлөшүүнү токтотууга 2-сентябрда согушкерлердин Кабулда 12 кишинин өмүрүн алган жардыруу уюштурушу себеп болгон.