«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) 16-сентябрда, Өзбекстандын бийлигин социалдык тармактарда сындаганы үчүн 10 күнгө камалган өзбек блогери Нодирбек Хожиматовду тез арада бошотууга чакырды.
Өзбек бийлиги анжияндык Нодирбек Хожиматовду 12-сентябрда кармап, президент Шавкат Мирзиёевдин ар-намысына шек келтирген деп айыптаган.
Бул үчүн Өзбекстанда административдик жаза катары 950 доллар айып пул салынат, бирок камакка алуу каралган эмес.
Хожиматов «Фейсбукта» президент Шавкат Мирзиёевге ачык кат жазып, жергиликтүү жетекчилердин коррупциялык иштерин иликтөөгө чакырган. Ал өз сөзүндө губернатор менен аким аларга сыйлык ыйгарууга татыксыз экенин билдирген. Блогер аким менен губернатор шектүү курулуш иштерине тиешеси бар экенин да айткан.
Жакында эгемендик майрамына карата блогер сындаган Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов менен Шахрихан районунун акими Хикматулло Дадахонов президенттин колунан орден, медаль алышкан.
- Өзбекстанда акыркы жылдары сөз эркиндиги багытында жакшы кадамдар жасалып жатат. Ошентсе да блогер Нодирбек Хожиматовдун камалышы - сынчыл көз караш азыр да мурдагыдай эле жазалана турганын билдирип жатат, - деди «Журналисттерди коргоо комитетинин» Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Гүлноза Саид.
Хожиматовдун атасы жергиликтүү прокурор баласына «социалдык тармакта сындаган пикирлерди жазба» деп эскерткенин да билдирди. Уулуна укугун коргой турган адвокат да берилген эмес.