Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:15

18-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 18-сентябрда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° болот.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG