Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Чек арадагы атышуудан курман болгон жоокердин сөөгү коюлууда


16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун сөөгү бүгүн Исфана шаарында жерге берилүүдө.

- Чечилбеген чек аранын айынан бир азаматыбыз кайтыш болду, - деди тажияга катышкан аким Баймурат Бекмуратов.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ал Максат айылындагы чатакта кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатомёттон аткан огунан көз жумган. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана чек ара кызматы анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ал эми «Азаттыктын» тажик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин Тажикстан үч чек арачысы каза болгонун тастыктаганын жазды. (BTo/JsA)

XS
SM
MD
LG