Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

Өкмөт башчы чек ара чырында жарадар болгондордон кабар алды


Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркагандардан кабар алды.
Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркагандардан кабар алды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркагандардан кабар алышты.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болду.

Андан тышкары 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 жаран бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Абылгазиев жабыркагандарга мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөрүнө убада берди. Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогорку Кеңеш жана өкмөт материалдык жардам берет.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктаганын жазды. (BTo)

XS
SM
MD
LG