Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Премьер Абылгазиев каза болгон чек арачынын тажиясына катышты

Премьер Абылгазиев маркум чек арачынын жакындары менен.
Премьер Абылгазиев маркум чек арачынын жакындары менен.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан каза болгон прапорщик Равшан Муминовдун Исфана шаарындагы тажиясына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Премьер-министр каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтып, «мамлекеттик кызыкчылыкты коргош үчүн жанын берген мекенчилден айрылдык» деп айтты.

Маркумдун үй-бүлөсүнө өкмөт менен парламенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

41 жаштагы Равшан Муминов Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын отрядында кызмат өтөп келген. Ал 16-сентябрда Лейлектеги Максат айылынын жанындагы атышууда окко учкан.

Жакындарынын айтымында, Муминовдун чек арачы агасы да 2003-жылы кызмат өтөп жатып курман болгон. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG