Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Баткенде кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугуп жатат


Чатак чыккан Максат айылы.
Чатак чыккан Максат айылы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери бүгүн, 17-сентябрда жолугуп жатышат. Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзаданын жолугушуусу Баткен районунун чек арага чектеш Кызыл-Бел айылында өтүүдө.

Жолугушууга эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жолугушууда 16-сентябрдагы окуядан кийинки кырдаалды жөнгө салуу чаралары талкуулана турганын билдирген.

Мадумаров учурда сүйлөшүүлөрдө чек арада мындан ары чек арадагы чатакты токтотуу жана биринчи болуп ок аткан тараптын жоопкерчилигин кароо маселелери коюлуп жатканын кошумчалаган.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов курман болду.

Андан тышкары 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 жаран бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болуп, 12 адам жаракат алганын тастыктаганын жазды.

Бүгүн кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG