Кыргызстандын Катардагы жаңы элчиси болуп Чыңгыз Эшимбеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда кол койду. Эшимбеков буга чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп эмгектенип келген.
Кыргызстандын Катардагы буга чейин элчиси Нуран Ниязалиев жыл башында тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган эле.
Президент башка бир жарлыгы менен Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу кылып Руслан Бийбосуновду, Новосибирск шаарындагы консулу катары Калдарали Маматалиевди дайындады. (BkA)