Ички иштер министрлиги Баткендеги Катраң айылдык кеңешинин башчысы Сапарали Бөрүбаев менен аталган айылдык кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиевдин суракка алынышынын себебин түшүндүрдү. Министрликтин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, аталган адамдар Жазык кодексинин 313-беренеси («Улут, дин же раса аралык кастыкты козутуу») боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары чакырылган. Анын алкагында Бөрүбаев менен Орозалиев эки сааттай суракка алынып, башка адамдар менен беттештирилген.
Милиция жергиликтүү депутаттар кимге козголгон иш боюнча суралганын тактаган жок.
Катраң айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев менен Шайырбек Орозалиев 15-16-сентябрда ИИМге сурак берип чыккан. Алар суракта купуялыкты сактоо боюнча тилкатка кол койгону үчүн сөз эмне жөнүндө болгонун ачык айтышкан эмес.
14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген. (BkA)