Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:30

Башкы прокуратура Абековдун активин кайтаруу боюнча иш жүрүп жатканын кабарлады


«Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек.

Башкы прокуратура «Альфа Телеком иши» боюнча соттолгон Алмазбек Абековдун активдерин кайтарыш үчүн Лихтенштейндин тиешелүү органдары менен кызматташып жатканын жарыялады. Бул тууралуу аталган органдын 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ага ылайык, Абековго байланыштуу соттун чечимдери жана керектүү материалдар Лихтенштейнге жөнөтүлүп, учурда каралып жатат.

Буга чейин Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов Европа соту корголуучусунун активдерин кайтаруу боюнча арызды четке какканын билдирген.

Башкы прокуратура адвокаттын мындай маалыматы туура эмес экенин билдирип, учурда Лихтенштейдин соттук органдарына расмий кайрылуу жиберилгенин кабарлады.

Ал эми адвокат Айткулов Башкы прокуратуранын мындай кайрылуусуна «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп кайтарып, өзүнүн билдирүүсүн ырастаган документ бар экенин билдирди.

«Лихтенштейнге кайрылуу жиберүү - жөн гана убакытты созуу аракети, анткени соттордун жүйөсүнө жооп кайтара алышпайт», - деп жазды адвокат.

2010-жылдагы апрель окуяларынан соң мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып коюлган.

Бул иштин алкагында компаниянын мурдагы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков 25 жылга, «Новострой» ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев түрмөдө калып, Аман уулу Кенжебек мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Быйыл жыл башында Кыргызстанда жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу соттолгондордун иши кайра каралып, Абековдун мөөнөтү 25 жылдан 15 жылга, Мурзалиевдин жазасы 12 жылдан 11 жылга кыскарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG