Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

АКШ Ооганстандагы терактты айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда «Талибан» кыймылы уюштурган кош терактты айыптады. 17-сентябрдагы теракттан кеминде 48 адам мерт болуп, ондогон адамдар жаракат алды.

Талибдер уюштурган жардыруулар өлкөдө президенттик шайлоого 11 күн калганда ишке ашырылды.

«Бул чабуулдар аркылуу талибдердин адамдарга жана Ооганстандын мамлекеттик институттарына мамилесин көрсөттү», деп айтылат АКШнын мамлекеттик катчысынын билдирүүсүндө.

Буга чейин согушкерлер өлкөдөгү президенттик шайлоону өткөрбөгөнгө убада беришкен.

Шаршемби күнү Ооганстандын учурдагы президенти Ашраф Гани үгүт митингин өткөрүп жаткан жерде жанкечти өзүн жардырып жиберген. Андан 26 адам каза болуп, 40тан ашыгы жаракат алды. Расмий бийлик өкүлдөрү «жардыруудан Ашраф Гани жабыркаган жок» деп билдиришти.

Ошол эле күнү Кабулдун борборунда дагы бир жардыруу болуп, анын кесепетинен кеминде 22 адам мүрт кетти, ондогон киши жарадар болду.

Бул эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды.

Ооганстанда президенттик шайлоо 28-сентябрга белгиленген. Президент Ашраф Гани экинчи мөөнөткө өлкө башчылык үчүн ат салышууда.

XS
SM
MD
LG