Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:51

Бишкекте гендердик теңчилик боюнча диалог өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте гендердик теңчилик маселелери боюнча жарандык активисттердин борбор азиялык диалогу башталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын уюштуруучулары кабарлады. «Трансформация доорундагы лидерлик» деп аталган жолугушууда гендердик теңчиликти камсыз кылуудагы учурдагы абал, мүмкүнчүлүктөр талкууланат. Талкууга Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган саясатчылар катышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында атайын документ кабыл алынып, ал бир катар эл аралык уюмдардын декларациясына киргизилет. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG