Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан беш өткөрүү жайы иштейт. 17-сентябрда тажик тарап «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайынан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрмө жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат. Ал эми калган төрт чек ара посту күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG