Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Акыйкатчыга кайрылгандардын көбү сот бийлигине нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылган. Алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келген. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештеги баяндамасында айтты.

Кайрылуулардын ичинен 142си 2 050дөн ашык адам кол койгон жамааттык кайрылуу. Арыздангандардын ичинен 6 115 киши Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен ооз эки кеңеш алган.

Арыздангандардын 876сы Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен соттук отурумдарга мониторинг кылып берүүнү суранышкан. Милициянын аракетине же аракетсиздиги боюнча 423, сот органдарына каршы 191, жер участокторуна байланыштуу 173, прокуратура кызматкерлерине каршы 133, эмгек укуктары бузулганына байланыштуу 126, сот чечимдерине каршы 117, дарыгерлерге каршы 96, жергиликтүү бийликке нааразы болгон 90 жана социалдык камсыздоо боюнча 86 киши кайрылган. Алардын ичинен 376 иш гана арыз ээсинин пайдасына чечилген.

Акыйкатчы Токон Мамытов кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине жана алардын аткарылышына байланыштуу кайрылышарын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG