Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Көчмөндөр оюндарына жалпы канча каражат сарпталганы айтыла элек


Таластагы курулушу толук бүтө элек ипподром.
Таластагы курулушу толук бүтө элек ипподром.

Ушул күндөрү Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарына жалпысынан канча каражат сарпталганы айтыла элек. Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев «Азаттыкка» билдиргендей, өкмөт ага 50 млн. сом бөлгөн (30 миллиону курулуш иштери үчүн). Мындан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 14 млн., Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги оюндарга белек катары 6 млн. сом бөлгөн.

Мындан сырткары Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлөр да салым кошкон. Алардын түшкөн каражат 10 млн. сомдон ашкан. Алардын арасында Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы (7 млн. сом) «Бакубат Талас» фонду (4,7 млн. сом) «Глобал Шыралжын майнинг» компаниясы бар. Түркиянын ТИКА уюму көмөк көрсөтүү ниетин билдирген. Демөөрчүлөрдүн каражаты негизинен ипподромдун трибунасын, кире беришинде арканын курулушуна, «Манас ордого» суу чыгарууга жумшалган.

Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажыгуловдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, оюндардын байге фонду 2 млн. сомдон ашты. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 200 миң, өкмөттүн облустагы өкүлү 100 миң сом которгон. Муну менен көкбөрү оюнунун жеңүүчүлөрү мурда айтылгандай 500 миң эмес, 800 миң сом алмай болушту.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн эл аралык деңгээлде Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

Өлкөнүн өзүндөгү Улуттук көчмөндөр оюндары алгач Талас облусунда 16-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат. Аталган оюн кийинки жылы эстафеталык эреже менен башка облустарда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG