Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Адвокат: Ташкентте Гүлнара Каримованын жашыруун соту башталды


Өткөн айда Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Өткөн айда Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага байланыштуу жашыруун сот жараяны башталды. Бул тууралуу анын Швейцариядагы адвокаты Грегуар Манжа 16-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ушул эле күнү Гүлнара Каримованын Лондондо жашап жаткан кызы Иман өзбек бийлигин бул өлкөдөгү жашыруун фактылар, коррупция тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк коомчулукка ашкерелей турганын эскертти.

Расмий Ташкент экс-президенттин кызынын айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу комментарий бере элек.

Өткөн айда Гүлнара Каримовага дагы эки кылмыш иши козголгону маалым болгон. Башкы прокуратура экс-президенттин кызына «Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн, мамлекеттик каражатты уурдаган, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деген айып койгон. Көзөмөлдөөчү орган Каримованы эки мамлекеттик компаниянын - «Кувасайцемент» менен «Бекабадцементтин» акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан деп күнөөлөгөн.

Жаңы иш эл аралык компаниянын арызынын жана маалыматтарынын негизинде козголгон.

Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин үй камагына которулуп, бирок быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген.

XS
SM
MD
LG