Казакстанда Нур-Султан жана Алматы шаарларында сот ушул айдын башында казак-кытай биргелешкен долбоорлоруна каршы нааразылык акцияларына чыккан жарандык активисттерди административдик жазага тартты. Ага ылайык, Нур-Султан шаарынын тургундары Куат Толепбергенов менен Марат Темирбеков 10 күнгө эркинен ажыратылды. Алматы шаарында сот Айдос Базарханов менен Асхата Жексебаевди 10 күнгө, ал эми Мурат Шорманов менен Ермек Казиевди 15 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарды.
Нур-Султанда полиция макулдашылбаган митингге чыкканы үчүн 17-сентябрда дагы төрт адамды камакка алганы белгилүү болду.
Казакстандын Ички иштер министрлиги активисттердин камакка алынып, соттолушуна байланыштуу комментарий бере элек.
Ушул айдын башында Жаңы-Өзөн шаарында айыл чарба жана өнөр жай багытындагы биргелешкен 55 ишкананы ачуу боюнча казак-кытай өкмөттөрүнүн макулдашуусуна каршы нааразылык акциялары өткөн.
Нур-Султан, Алматы, Актөбө жана Чымкент шаарларында Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарынын талабына тилектештик билдирген митингдер болгон.
Казакстандын бийлик өкүлдөрү «митингге чыккандардын кооптонуусу негизсиз» деп билдирген.
Кийинки күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар кошул-ташыл болду.