Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын жактырды. Ага 85 депутат «макул» деп добуш берди.
Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылганын, алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келгенин билдирди. Мамытов кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине жана алардын аткарылышына байланыштуу кайрылышарын айтты.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов улуттук борбордун өкүлдөрү былтыр жабык жана жарым-жартылай жабык жайларга 991 жолу барышканын, борборго 238 арыз түшкөнүн жарыялады. Анын ичинен кыйноо фактылары боюнча 123, катаал мамиле боюнча 52, кармоонун шарттарына байланыштуу 24 жана башка арыздар 39 болгон.
2018-жылга карата статистика боюнча кыйноо тууралуу арыздардын 92 пайызы милицияга, 5,7 пайызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине тиешелүү.
Борбор кыйноо фактылары боюнча прокуратура органдарына 123 арыз жиберип, 82 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошол эле учурда 11 кылмыш иши козголгон. (BTo)