Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы атыштан кийин токтоткон. Бүгүн Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG