Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди ушул жылдын 9-декабрына чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, Зилалиевдин адвокаттары мурдагы вице-премьерге карата бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Шаардык сот арызды канааттандырган жок.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.
Ал эми өткөн айда тоо-кен тармагындагы лицензия берүү маселеси боюнча Зилалиевге карата «Коррупция» беренеси боюнча жаңы иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектелип жатат.
Зилалиев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (BkA)