Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Чек арадагы абал боюнча өкмөт парламентке маалымат берет


Баткен, Максат айылы.
Баткен, Максат айылы.

18-сентябрда депутаттар Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алышмак.

Бирок кыргыз-тажик өкмөттөрү чек ара маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү аяктай электигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотконун жарыялады.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Эки өлкөнүн төрт аскер кызматкери каза болгон окуядан кийин 17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшкөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG