Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Орусия: мурдагы губернатор Белыхтын айрым мүлкү сатыкка чыгарылды


Никита Белых.
Никита Белых.

Орусияда Киров облусунун азыр камакта жаткан мурдагы губернатору Никита Белыхка таандык айрым мүлктөр сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги соттук приставдардын федералдык кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Сатыкка мурдагы губернаторга таандык 2011-жылкы өндүрүштөгү «Nissan Patrol» үлгүсүндөгү автоунаасы, «Blancpain Aqua Lung» үлгүсүндөгү кол сааты жана 1779-жылы чыгарылган пластырь коюлган.

Пластырдын баасы 2000 рубль болсо, саат 552 миң, ал эми автоунаа 900 миң рублга бааланган.

Никита Белыхтын адвокаты Андрей Грохотов сатыкка коюлган мүлк 2016-жылы тергөө маалында алынганын айтып, саат менен пластырь белекке келген деп түшүндүрдү.

Мамлекеттик кызматкерлердин ичинен либералдык көз карашты жактаган Никита Белых 2016-жылы камакка алынган. Ал 600 миң евро пара алган деп айыпталып, былтыр 10 жылга эркинен ажыратылган.

Белых өзү күнөөсүн моюнга алган эмес. Бул ишти атайын кызматтардын чагымы деп баса белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG