Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат


Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан «Барыс» аренасы.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан «Барыс» аренасы.

Бүгүн, Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 6-күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.

Тыныбекова мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгачкы беттешинде мексикалык Александра Ромеро Баннила менен күч сынашат.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандан 4 балбан кыз катышууда. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген.

Бүгүн, 19-сентябрда эркин күрөштөн да мелдештер башталды. Кыргызстандын атынан 57 килограммга чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков менен 65 килограммга чейинки салмактагы Нургазы Абдразаков килемге чыгат.

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков 5-орунду ээлеп, 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG