Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Ооганстандын түштүгүндөгү чабуулда кеминде 20 адам ажал тапты


Калат шаарындагы кол салууда дагы 100дөй адам жабыркады.
Калат шаарындагы кол салууда дагы 100дөй адам жабыркады.

Ооганстандын Забул провинциясынын Калат шаарында 19-сентябрда эртең менен атайын кызматтын жана шаардык оорукананын имаратынын жанында машинеге катылган бомба жарылды. Провинциянын губернатору Рахматуллах Ярмал билдиргендей, бул кандуу окуяда бери дегенде 20 адам өлүп, дагы 100дой киши жабыркады.

«Талибандын» расмий өкүлү Кары Юсуф Ахмади бул кол салууну аталган кыймыл уюштурганын ырастады.

Шаар бийлиги Кандагар провинциясынан «Тез жардам» машинелерин чакыртып, жарадар болгондордун көпчүлүгү аталган аймактагы менчик ооруканага жеткирилди.

Облустук кеңештин жетекчиси Атта Ян Хакбаян өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин, куткаруу иштери дагы эле уланып жатканын кабарлады.

Мунун алдында, 17-сентябрда Ооганстандын Парван провинциясында президент Ашраф Гани жыйын өткөрүп жаткан маалда мотоциклчен адам өзүн жардырып жиберген. Жанкечтинин кол салуусунан 26 киши өлүп, ондогон адам жарадар болгон. Андан көп өтпөй эле Кабул шаарында да жанкечти кол салып, 22 адам ажал таап, 40тай киши жарадар болгон.

«Талибан» кыймылы эки жардырууну тең уюштурганын мойнуна алган. Талибдер шайлоого каршы чабуулдар күчөй турганын эскертишкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алып, ондогон кишини жарадар кылган эки кол салууну айыптаган.

9-сентябрда АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүлөр биротоло токтогонун жарыялаган. Анын алдында талибдер 12 кишинин өмүрүн алган жардыруу уюштурган.

Ооганстанда 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Ашраф Гани да ат салышып жатат жана андан башка дагы 17 талапкер бар.

XS
SM
MD
LG