Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Дыйкандар «Кайыңды кант» келишимди бузуп жатканын айтышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 20дай дыйкан «Кайынды кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыкты. Алардын бири Нарис Сопоновдун айтымында, завод буга чейин кабыл алынган түшүмдүн 40% акчалай, калганын кумшекер менен берсе, быйыл 28% гана акча түрүндө бермей болгон.

- Биз алган акча чыгымдарды эч кандай жаппайт, - деди ал. - Ар бир адамдын иштеген акысы күнүнө 600-700 сом. Ошондо «50 тоннанын 14 тоннасын гана акча менен беребиз» дейт. Башында 50-50 деп келишим түзүлгөн. Булар жыл сайын дыйкандардын эмгегин эске албай жатышат.

Дыйкандардын түшүмүн кабыл алган пункттун маалыматына караганда, быйыл чет өлкөлөрдөн кумшекер импорту көп болуп, анын баасы арзандаган. Бир тонна үчүн 3100 сом жана 74 кг кумшекер берилет.

Чүйдүн көп айылдарында кызылча кирешенин негизги булагы болуп эсептелет. Өлкө боюнча кант кызылчасын кабыл алуучу 9 пункт бар. Алар түшүмдү «Кайынды кант» жана «Кошой» заводуна жиберишет.

«Кошой» заводу эки жыл мурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан алынган насыя акчага ачылган. (AiA)

XS
SM
MD
LG