Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Бурятияда Путинди «бийликтен кетиргиси келген» бакшы камалды


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Орусиянын Бурятия Республикасында бейшембиге оогон түнү «Путинди бийликтен кубалаш үчүн жолго чыккан бакшы» катары таанылган якутиялык Александр Габышев камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар анын тарапташтарына шилтеме кылып жазып чыгышты. Ага ылайык, Иркутск облусунун чек арасына жакын жердеги Выдрино айылында бакшынын алачыгына бир канча машине менен беттерин чүмбөттөгөн адамдар келип, Габышевди күч менен алып кетишкен.

Учурда Габышевдин кайда экени белгисиз, аны Улан-Удэге алып кетишкен болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Жергиликтүү полиция бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй жыл башында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокери» деп эсептерин, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

XS
SM
MD
LG