Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Майк Помпео Саудияга коюлган чабуулду «согушка» теңеди


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-сентябрда Сауд Арабиясына келди. Ал Эр-Риядда аталган мамлекеттин эки ири мунай заводдуна дрон аркылуу коюлган чабуулду «согуш актысы» деп атады.

Мунун алдында Сауд Арабиясынын бийлиги мунай кендерине урулган соккунун «демөөрчүсү» Тегеран экенин кынтыксыз далилдей аларын айтып чыккан. Эр-Риядда журналисттерге Иранда жасалган деген ракетанын жана дрондун сыныктарын көрсөтүшкөн. Бирок, Сауд Арабиясы бул ракеталар Ирандын аймагынан түз учуп келген деп так айткан эмес.

Иран чабуулга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет жана АКШны «эгер аскердик сокку урула турган болсо ага жооп кайтара аларын» эскертти.

14-сентябрда, Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Кийинчерээк бул соккуларды Иранга таянган Йемендеги хусит козголоңчулары уюштурганын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG