Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын утту


Айсулуу Тыныбекова (көк кийимчен) жана мексикалык балбан Александра Ромеро Баннила. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.
Айсулуу Тыныбекова (көк кийимчен) жана мексикалык балбан Александра Ромеро Баннила. Казакстан, Нур-Султан шаары. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алгачкы жеңишин камсыздады. 62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова алгачкы беттешинде (1/16 финал) мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңип алды.

1/8 финалда Тыныбекова жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашат.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандан 4 балбан кыз катышууда. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG