Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

Индия электрондук чылымга тыюу салат


Индия тамеки чеккендердин саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.
Индия тамеки чеккендердин саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Тамеки тарткандардын саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган Индия электрондук чылымга тыюу салууну чечти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечим өспүрүмдөр жана жаштар арасында никотинге көз карандылыктын алдын алыш үчүн кабыл алынганын билдирди.

Эми Индияда электрондук чылымды өндүргөндөр, импорттоп алып келгендер жана аларды сатыкка чыгаргандар үч жылга кесилип кетиши мүмкүн же аларга 7 миң долларга чейин айып пул салынат. Бирок мындай чылымды чеккендерге чара көрүлөр-көрүлбөсү өкмөттүн буйругунда так белгиленген эмес.

- Мектепте же коллежде окуп жаткан өспүрүмдөр жана жаштар арасында электрондук чылым чеккендер 77 пайызга көбөйүп кетти. Себеби никотинге тез эле көз каранды болуп калып жатышат. Анын үстүнө никотин зыяндуу, - деди Индиянын Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Прити Судан.

Статистикага ылайык, Индияда 106 миллиондой адам тамеки тартат. Жыл сайын 900 миңдей адам чылымга байланыштуу илдеттерден каза табат. Адистер Нью-Делинин соңку чечиминен улам электрондук чылым чыгарган компаниялар киреше алып келген ири рыноктон ажырап калаарын айтып жатышат. Буга чейин Бразилия жана Таиланд сыяктуу бир катар өлкөлөр да мындай сигареттерге тыюу салган.

Батарея менен жабдылган электрондук чылымдар курамында никотин заты бар суюктукту буу айландырат. Мындай өндүрүмдү чыгарган «Juul Labs» жана «Philip Morris International» сыяктуу компаниялар электрондук чылым кадимки тамекиден кыйла зыянсыз экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG