Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Нур-Султанда турак жайга муктаж аялдар дагы митингге чыгышты


Казакстанда турак жайга муктаж аялдардын нааразылык акциялары ушул жылдын башында башталган.
Казакстанда турак жайга муктаж аялдардын нааразылык акциялары ушул жылдын башында башталган.

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда бүгүн, 19-сентябрда көп балалуу, жалгыз бой, чүрпөсү оорукчан ондогон аял нааразылык акциясына чыкты. Алар президенттик администрациянын алдына чогулуп, бийликтен турак жай маселесин чечип берүүнү, социалдык колдоону жакшыртууну талап кылышты. Ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев менен бийликтеги «Нур Отан» партиясынын жетекчилиги менен жолуккусу келерин айтып, «Елбасы!», «Токаев!» жана «Байбек!» деп кыйкырып турушту.

Касым-Жомарт Токаев ушул айдын башында парламентте элге кайрылып жатып, соңку беш жыл ичинде мамлекеттен социалдык жардам алгандардын саны мурда 77 миң адам болсо, азыр 1,5 миллиондон ашып көбөйгөнүн сынга алган. Өлкөдө «жалкоолор, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар арбып баратат" деп билдирген.

Андан мурдарак Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеген болчу:

- «Менин балам көп, айлыгым аз, мага бер» деген ураандарды көтөрүп жүрүшөт. Сен эмнени ойлодуң? Бул сенин маселең да?! Сен буга чейин мамлекет менен кеңештиң беле? Жумушуң жок болсо чакан насыя ал, эки уй сатып алып өзүңдү бак. Сүтүн сатып акча тап. Огородуңду айдап, өзүң жеп, калганын базарга алып барып сат. Билим алып, иште. Силерге дагы эмне керек? Биз жасап жаткан мындай нерселер дүйнөдө да жок.

Назарбаевдин бул айткандары коомчулукта талкуу жараткан.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG