Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Жалал-Абаддагы жармаңкеде карылар өздөрү өстүргөн гүлдөрдү алып чыгышты


Фестивалдын катышуучулары.
Фестивалдын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарындагы «Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтта өткөн Гүл фестивалында жалгыз бой жашаган карылар өстүргөн гүлдөр сатыкка коюлду. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Назира Жакыпова билдирди. Жармаңкеге шаарда багар-көрөрү жок, улгайган 30дай адам катышып, өздөрү өстүргөн гүлдөрүн жана колдо тигилген буюмдарын сатыкка алып чыгышты.

Улуттук кызыл жарым ай коому аларга жаз айында гүл челектерди алып берген. Фестивалда шаардыктар улгайган адамдардын колунан жаралган буюмдар, гүлдөрдү сатып алышты.

Саамалык аймакта жарыяланган карыларга камкордук көрүүнүн бир айлыгына карата уюштурулуп жатат. Жалал-Абад шаарында 8300дөн ашуун улгайган адам бар. Алардын 160тан ашыгы жалгыз жашайт.

1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG