Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

АКШ Ооганстанга 160 млн. долларлык инвестиция салуудан баш тартты


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Ооганстандагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда Вашингтон Кабулдун ири инвестициялык долбоорлоруна акчалай жардам берүүдөн баш тартты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чечимди ооган өкмөтүндөгү коррупция менен байланыштырды. Ошондой эле ал Кабулду АКШнын акчасын ачык-айкын пайдаланбай жатканы боюнча айыптады. Ушундан улам Ооганстандын энергетика тармагындагы инфратүзүм үчүн убада берилген 100 миллион доллар бөлүнбөй турган болду. Андан сырткары Кабул күмөндүү мамлекеттик сатып алууга байланыштуу дагы 60 миллион долларлык акчалай жардамдан кол жууду.

Майк Помпео АКШ өкмөтү Ооганстанга колдоо көрсөтүүнүн мындан ары «бюджеттен сырткары» жол-жобосун колдонорун белгиледи.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) маалыматы боюнча, Вашингтон Кабулга 2001-жылдан бери 93 миллиард доллардан ашык жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG