Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

«Көк жана ак» партиясы Нетаньяхунун өкмөт куроо боюнча сунушун четке какты


Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.
Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.

Израилде борборчул «Көк жана ак» партиясы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун оңчул «Ликуд» партиясы менен чогуу башкаруучу коалиция түзүү тууралуу сунушун кабыл алган жок. Аталган партиянын жетекчилеринин бири Моше Яалон 19-сентябрда «Көк жана актын» лидери Бенни Ганц катышкан иш-чарада журналисттерге «Нетаньяху башында турган коалицияга кирбейбиз» деп кесе айтты.

Биньямин Нетаньяху 19-сентябрда видео кайрылуу таратып, башкы саясий атаандашы Бенни Ганцты өкмөттү чогуу түзүүгө чакырган.

Буга чейин Израил армиясынын башкы штабынын мурдагы жетекчиси, 60 жаштагы Бенни Ганц жемкорлукка байланыштуу шек саналып жаткан премьер Нетаньяхунун партиясы менен кызматташпай турганын билдирген.

Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-сентябрда өткөн. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча бул жолу да «ит жыгылыш» болуп, бир дагы партия көпчүлүккө ээ боло алган жок. Ага ылайык, «Ликуд» партиясы 120 орундуу парламентте 30дан ашык мандат алышы мүмкүн. «Көк жана ак» борборчул партиясы буга чейин көрсөткүчүн бир аз жакшыртып, «Ликуддан» көбүрөк мандатка ээ болушу ыктымал.

«Израилдик арабдардын бирдиктүү тизмеси» аттуу саясий блокко кеминде 12 депутаттык орун тиери болжолдонуп жатат.

Кнессетте башкаруучу коалиция түзүш үчүн 61 депутаттык мандат керек. 17-сентябрдагы парламенттик шайлоого 29 партия катышты.

Быйыл жазында өткөн жалпы шайлоодо да аталган эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

XS
SM
MD
LG