Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргызстандын футбол командасы рейтингде эки баскычка төмөндөдү


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде эки тепкичке төмөндөдү. Уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 97-орунда жайгашты.

Буга чейин июль айындагы рейтингде Кыргызстан 95-орунду ээлеген.

Кыргызстандык футболчулардын рейтингде позициясынын төмөндөшүнө 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуунун алкагында Тажикстандын курама командасынан утулуп калышы себеп болду. 5-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн оюнда Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебине жеңилген.

Рейтингде көч башында Белгия, Франция жана Бразилия турат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турундагы Кыргызстандын атаандаштары болгон Жапония 31-орунду, Тажикстан 115, Мьянма 145 жана Монголия 183- позицияны ээлеген. (BkA)

XS
SM
MD
LG