Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Акыйкатчы Исаковдун саламаттыгы боюнча комиссия түзүүнү сунуш кылды


Сапар Исаков сот залында.
Сапар Исаков сот залында.

Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагындагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун саламаттыгын текшерүү боюнча комиссия түзүү тууралуу сунуш менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Бул тууралуу Мамытов «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотуна күбө катары барган учурда ага Исаковдун адвокаттары кайрылышкан. Ал кайрылуунун негизинде акыйкатчы Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, мурдагы премьердин ден соолугун текшерип чыгууга чакырды.

Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалууда. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу, Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуу боюнча айыпталууда. Бул иштер боюнча соттор учурда жүрүп жатат.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкты. Исаковдун адвокаттары мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG