Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Президент Жээнбеков Орусияга барат


Бишкекке келген Владимир Путинди аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алуу учуру. 13-июнь, 2019-жыл.
Бишкекке келген Владимир Путинди аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алуу учуру. 13-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Орусияга барат. Оренбург шаарында орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу күтүлүп жатканын Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип орусиялык маалымат каражаттары жазып чыккан.

Бул маалыматты кыргыз президентинин басма сөз кызматы ырастады.

Бүгүн Орусияда «Борбор 2019» ири аскер машыгуулары өтөт. Бул машыгууга Кыргызстандын аскерлери да катышат. Сооронбай Жээнбеков дал ушул машыгуулардын ачылышына катышышы мүмкүн.

Акыркы жолу Сооронбай Жээнбеков орус президенти менен ушул жылдын 11-июлунда жолуккан. Анда Жээнбеков Швейцариядан кайтып келатып Москвада кыска мөөнөттө иш сапары менен болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG