Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:22

Кыргызстанда 15 миңге жакын ишкана бар


Баткендеги кайра иштетүүчү өндүрүш заводу.

Кыргызстанда 15 миңге жакын ишкана иштейт, алардын 93 пайызы чакан ишканалар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иштеп жаткан ишканалардын 26 пайызга жакыны соода-сатыкта, 15 пайызы өнөр жайында жана 12 пайызы курулуш тармагында иш жүргүзөт.

Бул ишканаларда 2019-жылга карата 402 миңге жакын жеке ишкер эмгектенет. Чакан жана орто ишканалар өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 33 пайызын түзөт.

Бүгүн Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленүүдө. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG