Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Парламентте мугалимдердин маянасын көтөрүүгө даярдык талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы мугалимдердин айлык акысын жана пенсияны жогорулатуу боюнча өкмөттүн иштерин талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева баш болгон өкмөт өкүлдөрү айлык акы менен пенсияны көтөрүү боюнча даярдык тууралуу маалымат берет.

Буга чейин өкмөт 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн жарыялаган. Бул үчүн кийинки жылга бюджеттен 8 миллиард сом керектелери айтылган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG