Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

Якутиялык бакшынын сапарлаштары анын жолун улантат


Якутиялык бакшы Александр Габышев.
Якутиялык бакшы Александр Габышев.

Якутиялык бакшы Александр Габышевдин сапарлаштары анын маршруту менен сапарды улантат. 19-сентябрда Габышевди милиция кармап кеткени белгилүү болду. Аны Якутияга жеткирилери айтылууда. Бирок анын тарапкерлери жолду улантууга бул тоскоолдук болбой турганын айтып жатышат.

51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй жыл башында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептерин, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан. Бакшы бул аралыкта Забайкальск менен Буратиянын аймагын басып өттү.

Жолдо бир нече шаарда учурдагы орус бийлигине каршы чыккандар митингге чогулуп, Габышевге колдоосун билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG