Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Тунистин мурдагы президенти каза болду


Зин аль-Абидин бен Али.
Зин аль-Абидин бен Али.

Тунистин экинчи президенти Зин аль-Абидин бен Али каза болду. 83 жаштагы саясатчы «Араб жазы» аттуу саясий толкундоодон соң Сауд Арабиясына качып барып, ушул өлкөдө жашап жүргөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, бен Али ооруп, акыркы үч айда реанимацияда жаткан.

Зин аль-Абидин бен Али 1987-жылы Тунистин президенттигине шайланган. Ал 2011-жылы январда өлкөдө нааразылык башталган соң Сауд Арабиясына качып кеткен.

Тунис оппозициясы бен Алини «демократиялык баалуулуктарды сактабай, диктатура орнотту» деп сындап келген.

Тунистен башталган нааразылык толкундары Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын бир нече өлкөсүнө: Египет, Ливия, Сирия, Йеменге жайылып, «Араб жазы» деген аталыш менен белгилүү болду.

Тунис ушул окуялардан соң демократиялык режим жалгыз өлкө болуп калууда.

XS
SM
MD
LG