Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:17

Помпео: АКШ Иран менен мамилени тынч жол менен жөнгө салгысы келет


Майк Помпео.

АКШ Иран боюнча маселелерди тынч жол менен жөнгө салгысы келет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-сентябрда Абу-Дабиге жөнөгөнү жатканда билдирди.

- Биз тынч жол менен жөнгө салууну каалайбыз. Муну биз көрсөттүк деп ойлойм, - деди Помпео.

Мамлекеттик катчы кезектеги жолу Сауд Арабиясындагы мунай кендерине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Тегеранга жүктөдү.

Помпео Перс булуңундагы бир да мамлекет бул чабуулга Ирандын тиешеси бар экенинен күмөн санабай турганын кошумчалады.

Ага чейин АКШнын бийлиги бул маселе боюнча БУУнун Башкы ассамблеясында Иранга каршы коалиция түзүүнү сунуш кылганы айтылган. Америкалык маалымат каражаттарынын жазышынча президент Дональд Трамп Иранга каршы күч колдонууга каршы, анын ордуна санкцияларды күчөтүүгө даяр.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйыны 20-сентябрда ачылат. Жыйынга Ирандын президенти Хасан Роухани жана тышкы иштер иштер Жавад Зарифтин катышары күтүлүүдө. Тегеран алардын АКШга виза алганын ырастады.

14-сентябрда, Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул коюлган. Бул үчүн жоопкерчиликти йемендик хусит козголоңчулары алган болчу.

Бирок Кошмо Штаттар чабуулдарды козголоңчулар өздөрү уюштурганына ишенбей, «анын артында Иран турат»​ деп жарыялаган. Расмий Тегеран болсо бул чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Чабуулдан улам Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтты.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG